Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн алыскы жайлоолорундагы малчылардын балдарын мектепке жеткирүү үчүн унаа жөнөтүлөт (фото)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы алыскы сырт жайлоосундагы малчыларга барып, алардын жашоо шарты менен таанышып келишти.

Айыл өкмөттүн башчысы С.Абдылдаевдин айтымында, жолугушууга ФАПтын кызматкерлери жана ветеринардык дарыгерлер да барышкан.

«Биз жыл сайын алыскы сырт жайлоолорундагы малчыларга барып, балдарына таттууларды берип, алардын абалдары менен таанышып турабыз. Алыскы Туз, Турук, Чымынды-Сай жайлоолорунда жайлап жаткан 15 малчыга кезигип, алардын абалын билип кайттык. ФАПтын кызматкерлери менен ветеринардык дарыгерлер да барып, ар ким өз кызматын көрсөтүп келишти. Жаңы окуу жылына карата мектепке баруучу балдардын саны такталып, аларды мектепке алып келүү үчүн атайын унаа жөнөтмөй болдук», - деди С.Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×