Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ысык-Көл

Түптүк окуучу М.Курманбекова тогуз коргоол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында тогуз коргоол боюнча өткөн эл аралык турнирде түптүк окуучу Мадина Курманбекова 1-орунду ээлеп, Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды. Бул тууралуу Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы орто мектебинин дене тарбия сабагынын мугалими, тогуз коргоол боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Канатбек Кендирбаев билдирди.

Анын айтымында, ал машыктырган тогуз коргоолчулар эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын сыймыктануу менен коргоп келе жатат.

«Мадина Курманбекова тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын спорт чебери. 2015-жылы Дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болсо, 2016-жылы 19 жашка чейинки жаштар жана кадеттер арасында өткөн Азия биринчилигинде Азиянын чемпиону болгон. Ушул кезде Мадина Дүйнөлүк чемпионатка кызуу даярданууда», - деди К.Кендирбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1287
Көп окулду
×