Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Якутияда ашпозчу болуп иштеген 21 жаштагы ысык-көлдүк жигитти өлтүрүп, бакка асып кетишти

Turmush -  Россиянын Саха Республикасында (Якутия) ашпозчу болуп иштеп жаткан кыргызстандык 21 жаштагы А.Илгизди өлтүрүп, бакка асып кетишти.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 9-10-август күндөрү болгон. Түп районунун Токтоян айылында 1996-жылы туулган А.Илгиз аттуу жигитти белгисиз адамдар Якутиянын Усть-Нера шаарчасындагы токойдун ичинде өлтүрүп, бакка асып кеткен жерден табышты.

А.Илгиздин апасы Майрамкүл Сыдыкованын айтымында, Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жардамы менен уулунун сөөгү жолдо келе жатат.

«Уулум Илгиз эжеси Айдана жана жездеси болуп алыскы Якутияга иштейбиз деп кеткенине бир жыл толо элек болчу. Ашпозчу болуп иштеп жатам деп телефондон кат жазып турчу. 11-август күнү эле Илгизди өлтүрүп кетишти деген кабар келди. Ватсап менен байланышып жатабыз. Эжеси Айдана 15-августта Усть-Нерадан Магаданга келишкенин айтты. Кечинде Якутиянын борборунан Новосибирскке учуп келишет. Андан жума күнү Бишкекке келишет экен. Илгиз спорт менен (эрежесиз эр күрөш) дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпион болом деген 4 эркек баламдын үчүнчүсү эле», - деди М.Сыдыкова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 23756
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×