Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.08.2017 09:49

Түптүк депутаттар 9 тонна кара куурайды жок кылышты (фото)

Turmush -  Түп районунда Карасаев айылдык кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен 4 гектар жердеги кара куурай кол менен чабылып, 9 тонна жашыл масса өрттөлүп жок кылынды.

Карасаев айылдык кеңешинин төрагасы Жалил Абдышовдун айтымында, техника жүрбөгөн жердеги кара куурай кол менен чабылды.

«Биздин айыл өкмөт Түп району боюнча кара куурай көп өскөн айыл өкмөт болуп саналат. Башкача айтканда, кара куурай өскөн 142 гектар жер аныкталган. Бүгүн биздин демилге менен калкты ишке орноштуруу райондук бөлүмү тарабынан 16 адам, депутаттардан 10 адам кара куурайды жоготуу максатында «Мак-2017» операциясына катышып, техника жүрбөгөн жерлерди кол менен чаап жоготтук», - деди Жалил Абдышов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×