Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Каркыра жайлоосундагы бала бакчада шуру тизүү боюнча мастер-класс өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Түп районунун Каркыра жайлоосундагы бала бакчада шуру тизүү боюнча мастер-класс өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Балдарга райондук билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган «Алтын куш» оюну көрсөтүлүп, облустук балдар чыгармачылык борбору оюн-зоокторду уюштурду. Ошондой эле, Бишкек шаарындагы Конфуций институту тарабынан келген дарыгер балдарды жана ата-энелерди медициналык кароодон өткөрүп, ушул институттун ыктыярчылары мастер-класстарды өткөрүштү.

Иш-чарага акимдин орун басары Э.Дүйшөбаева жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 664
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×