Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 19.07.2017 08:33

Айыл турмушу: Түптүк кол өнөрчүлөр куркулдай куш чагылдырылган өзгөчө азем белектерди жасашат (фото)

Turmush -  Түп районунун Тасма айылындагы кол өнөрчүлөрдүн «Ак шоола» жамааты азем белектерди жасашат.

Аталган жамааттын башчысы Бурул Жаркынбаеванын айтымында, азем белектердин өзгөчөлүгү сейрек кездешүүчү куркулдай куштун чагылдырылганында.

«Куркулдай куш уясын суунун жээктериндеги бактарга бышыктап салат. Ага жан-жаныбарлар оңой менен жете албайт. Биз өз эмгектерибизде үй-бүлөлүк очокту ыйык сактап, балапандарына өзгөчө кам көргөн куркулдай куштун жана эненин элесин чагылдырдык. Иштеген жерибизде куркулдай куштун уясын да илип койгонбуз. Таза жүндөн жасаган азем белектерге суроо-талап жогору, дайыма буйрутма түшүп турат. Аны көбүнчө туристтер сатып алышат», - дейт ал.

Б.Жаркынбаева белгилегендей, аталган жамаат 15 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×