Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 10.07.2017 13:28

Айыл турмушу: Түптүк мугалим А.Керимкулова жайкысын кымыз сатуу менен киреше табат (фото)

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылындагы Т.Сыдыкбеков атындагы мектептин математика мугалими Айгүл Керимкулова 27 жылдан бери балдарга сабак берет.

5 баланын жана 5 жашар Алмаз аттуу неберенин энеси Айгүл Керимкулова жайкы эс алуу убагында Чымынды-Сай жайлоосунда жылкы баккан жердештеринин кымыз, саамалдарын Түптө беш жылдан бери сатып, кошумча киреше таап келет.

«Күнүнө Чымынды-Сай жайлоосундагы малчылар 120-150 литрге чейинки кымызды Каракол—Чымынды-Сай каттамы менен жүргөн унаалардан берип жиберишет. Мен Түптөн убагында тосуп алып, литрин 55 сомдон элге сатам. Күндүз ысыкта ачып кетпесин деп, саамалды бул жактан ышталган жыгач челекке куям. Күнүнө 500дөн кээде миң сомго чейин акча таап жатам. Жолдошум Толукбай Мергенбаев мектепте директордун чарба иштери боюнча орун басары болгондуктан колу бошобойт. Мага балдарым менен неберем жардам берип турат», - деди Айгүл Керимкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×