Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 24.04.2017 17:30

Айыл турмушу: Түптүк жаш ишкер эшиктердин түрүн жасаган цех ачып, 10 адамды иш менен камсыздады (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну Адилет Шукурганов чакан цех ачып, 10 адамды иш менен камсыз кылды. Ал 3 жыл мурун эшиктердин түрүн жасап, ишин баштаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Алгач жаш ишкер айылдаштарынын жана коңшу айылдардагы тургундардын буюртмасын аткарчу. Аларга бөлмө эшиктерин жасап келет. Ал цехти керектүү жабдыктар жана станоктор менен камсыздаганга дагы үлгүргөн.

Адилет эми ишин кеңейтип, бир гана айылдаштарын түрдүү эшиктер менен камсыздабастан, борбордон чакан ишкана ачууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×