Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 01.09.2016 09:15

Айыл турмушу: 45 жыл бирге жашаган түптүк жубайлардын кызыктуу жашоосу (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылында жашаган 69 жаштагы Таштанбек Акыбаев менен 66 жаштагы Гүлай Темирканованын бирге түтүн булатканына 45 жыл болду. Учурда жубайлардын 4 баласы, 7 небереси бар.

Т.Акыбаев 10 жашында Ысык-Көлдөн чыккан алгачкы механизатор аял, Социалисттик эмгектин баатыры Жамыйла Дүйшеева менен эгин чаап, кыркын мезгилинде күнүнө 100дөн кой кыркканын айтат. Учурда ал пенсияга чыкканына карабай мал багуу менен алектенет.

Г.Темирканованын айтымында, ал 1961-жылы Кытайдан келгенде Советтик мектепте окуп, 8-классты бүткөндөн кийин Пржевальск педагогикалык окуу жайын аяктаган. Ал 47 жылдан бери Сары-Тологой айылындагы мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп келет. Ал Кытайда окуган үч жылда үйрөнгөн араб арибин унутпай, аны да күндөлүк турмушуна пайдаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×