Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 29.08.2016 12:18

Түптүктөр боз үй тигип, Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү (фото)

Turmush -  Түп районунун Кара-Баткак аймагына 27-августта Бишкекте жашаган түптүктөр келип, мындан 100 жыл мурун Үркүн учурунда каза болгон адамдарга арнап куран окутушту.

Иш-чараны Түп районунун акиминин биринчи орун басары Болот Айбалиев ачып берди.

Андан кийин Үркүндүн тарыхына юридикалык илимдердин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор жана «Бугу эли» коомдук уюмунун жетекчиси Бекбосун Бөрүбашов, Бишкектеги түптүктөрдүн аксакалдар коомунун төрагасы Мукаш Мамбетов, коомдук ишмер Жанкороз Каниметов, Кытай Эл Республикасынын Көк-Терек кыргыз улуттук айылынан келген Темирбек Токо, «Түп-Ак-Суу» ажылар коомунун төрагасы Курманбек Дыйканбаев жана башкалар токтолушту.

Келечекте курула турган эстеликтердин эскиздери көрсөтүлүп, иш-чара райондогу мектеп директорлору тиккен боз үйдөгү дасторкон үстүндө улантылды.

Август айынын башында Үркүндүн 100 жылдыгына карата Бишкектен чыккан «Өмүр көчү» жүрүшүнүн катышуучулары дагы келип, куран окутуп кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×