Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 27.08.2016 13:55

Айыл турмушу: Түптүн эки тургуну күнүнө 400 тандыр нан сатып, 7-8 миң сом киреше табышат (фото)

Turmush -  Түп районунун тургундары Аман Исамидинов менен Бермет Куракбаева акыркы 5 жылдан бери борбордук көчөдө орун алган наабайкананы ижарага алып, нан бышырышат.

А.Исамидинов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алар күнүнө 350-400 даана тандыр нанды орточо 18 сомдон сатып, 7-8 миң сом пайда табышат.

«Эртең менен саат 7де иш күнүбүз башталат. Казакстанда өндүрүлгөн унду сатып алабыз. Нанды эки тандырга бышырабыз», - дейт А.Исамидинов.

Нан бышыруу милдетин алган А.Исамидинов Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан келип иштейт. Ал үй-бүлөлүү, бир баласы бар.

Ал эми нан сатуу менен алектенген Бермет Куракбаева Түптүн Бирлик айылынын тургуну. Анын 3 кызы бар, жолдошу Арстанбек Керимбердиев аларды ун менен камсыз кылып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×