Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 26.08.2016 15:22

Түптүк мугалим Ысык-Көлдүн алдындагы Чигу шаарын өз алдынча изилдеп, археологиялык буюмдарды тапты (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Булуң айылындагы Ш.Тагаев атындагы мектептин мугалими К.Иманалиев студент кезден бери Ысык-Көлдүн алдындагы Чигу шаарын өз алдынча изилдеп, казуу иштерин жүргүзүп келет.

Ал мектептин бир бөлмөсүн археологиялык буюмдар сакталган музейге айландырып алган.

Мектептин окуучуларына тарых ийримин уюштуруп, жыл сайын Чигу шаарына археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Жакында болгон изилдөөдө таштан жасалган бир чоң, бир кичине балтаны кайрагы менен, жаргылчакка окшогон орточо оюк ташты жана шар формасындагы таштарды таап алышкан.

«Бул изилдөөгө 5-7-класстын окуучулары Нурбек кызы Акмарал, Акылбек уулу Курманбек, Бердалы уулу Эрлан жана Кадырбек уулу Акбар активдүү катышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×