Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.08.2016 09:55

Түптүн 3 тургуну бала бакчага 400 миң сомдук эмеректерди жасап жатышат (фото)

Turmush -  Түп районунун тургундары Зарлык Илипбаев, Мирлан Убайдуллаев жана Качкын Жаныбеков эмерек жасоочу цехте буюртма алып, эмеректердин түрүн жасашат.

Алар учурда Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корумду айылындагы бала бакчага эмеректерди жасоо менен алектенүүдө.

«Учурда биз бала бакчага 45 даана 2 кабаттуу керебет, тамак иче турган 16 даана стол, 5 даана ашкана гарнитуру, 1 тумбалуу 4 даана, 2 тумбалуу бир стол жана 6 китеп шкафын, оюнчук сала турган 3 шкафтарды жасап жатабыз. Анын жалпы баасы 400 миң сомго жетет», - деди З.Илипбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×