Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 23.08.2016 11:26

Түптүк Т.Асанов менен М.Асанова «Эң көп бирге жашаган жубайлар» номинациясын утуп алышты (фото)

Turmush -  Түп районунун Карасаев айыл аймагында «Кырк кыз» коомдук бирикмеси кезектеги «Үй-бүлөнү даңазалоо» кербенин өткөрүштү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Токтоян айылынын тургундары Турат Асанов менен Мейизган Асанова 65 жыл бирге жашаган үлгүлүү үй-бүлө деп табылды. Экөө 10 балалуу болгон. Бир кызы чарчап калып, 9 эркек баладан 26 небере, 15 чөбөрөлүү болушту. Азыр алар кичүү уулу Сабырдын колунда турушат.

Турат ата үйлөнгөндөн кийин Алайда математика мугалими болуп иштеп жүрүп, Советтик армиянын катарында кызмат кылган.

Мейизган апа менен 1964-жылга чейин Баткенде бирге жашашкан. Өздөрүнүн туулган жери Ысык-Көлгө келгенден баштап Турат агай Тасма мектебинде мугалим, мектептер аралык партиялык уюмдун катчысы болуп иштеген.

Кийин Кыргызстан боюнча аймагы чоң Түп райкомпартияда инструктор, андан кийин Сары-Булак, Тасма айылдык кеңештеринде төрага, пенсияга чыккандан кийин мектепте мугалим болуп эмгектенген. Байбичеси болсо Турат агайды партия кайда жиберсе ошол жакта болуп, колхоз-совхоздо эмгектенди.

«Мен «Эл агартуунун отличниги» наамын ала алган жокмун, себеби партиянын тапшырмасы деп бат-бат орун которууга туура келди. Бирок, мен окуткан окуучулардан Урбай Жунушалиев, Шайдылда Тезеков баш болгон математика жана экономика илимдеринин доктурларынын жоон тобунун агай деп сыйлап турганы мен үчүн чоң сыймык», - дейт Турат Асанович.

Ал Ата Мекендик согушта элдин кыйналганын, бала болуп ойнобой фронт үчүн деп иштеген оор мезгилди көп эскерет. «Ошол кезде эл абдан ынтымактуу экен. Отун менен тамак үнөм болсун деп 3 үй-бүлө кышында бир үйдө чогуу жашашчу», - дейт ал.

Жубайлар айыл аймак боюнча «Эң көп бирге жашаган жубайлар» деген номинацияга ээ болуп, «Кырк кыз» коомдук бирикмеси берген жолдомо аркылуу Ысык-Ата курортуна барууга камданып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×