Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 23.08.2016 09:46

Үркүнгө 100 жыл: Түптүк А.Жанаалы уулу элди орус баскынчылардан куткарган (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылындагы Жылаңач-Булак деп аталган жеринде Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чаралар уюштурулуп, Жанаалы уулу Айтпайдын эрдиги эскерилди.

А.Жанаалы уулу 1916-жылы 72 жашта болгонуна карабастан Үркүндө орус баскынчыларынан калың журттун качып кетүүсүнө жардам берип, өзү ошол жерде курман болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жанаалы уулу Айтпай ажынын урпактары Жылаңач-Булак деп аталган жерге боз үйлөрдү тигип, куран окутушту.

Аталган иш-чаранын максаты — өсүп келе жаткан муунга тарыхтагы окуяларды айтып берүү.

Айтпай ажынын небереси Үркүн окуясын чагылдырган «Күүгүмдөр кербени» китебин чыгарып, чоң атасынын өмүр баянын, ошол мезгилдеги оор окуяны сүрөттөгөн.

Ажыга чейин барып келген А.Жанаалы уулунун көрүстөнүнүн жанынан булак агып тургандыгын жергиликтүүлөр белгилешти.

Үркүнгө 100 жыл: Түптүк Жумакадыр балбан Кытайга барып, элди кулчулуктан куткарган (фото)

Үркүнгө 100 жыл: Кеминдик кыргыздардын көтөрүлүшүн эскерүү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×