Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.08.2016 15:08

Айыл турмушу: Тогуз коргоол боюнча чемпион аталган түптүк С.Түлөбердиевдин үй-бүлөсү (фото)

Turmush -  Түп районунун Бирлик айылынын тургундары Сагынбек Түлөбердиев жана жубайы Гүлзана Серкебаева айылдагы орто мектепте эмгектенишет.

Сагынбек мырза мектепте 14 жылдан бери дене тарбия сабагын окутуу менен бирге тогуз коргоол боюнча мелдештерге катышып, мектептеги жана райондук, облустук курама командаларды машыктырат.

Ал жаштар жана мугалимдер арасында 2 жолку КРнын чемпиону аталган. Анын окуучусу Руслана Аманова Кытай Эл Республикасында өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алып, экөө тең кызуу даярданып жаткан убагы.

Жолдошу Гүлзана Серкебаева Бирлик орто мектебинде башталгыч класста мугалим. Жубайы жана 4 баласынын экөө – Азим менен Мадина Оморовдор дагы тогуз коргоол менен машыгышат.

Гүлзана мугалимдер арасында өткөрүлгөн Манасиадада тоогуз коргоол боюнча чемпион болсо, балдары мектепте өзү теңдүүлөрдү дайым утуп, мектептеги эл аралык турнирлердин жеңүүчүлөрү менен теңтайлашып келишет. Алардын үйүнүн бир бөлмөсү тогуз коргоолчулардын үй-бүлөсүнүн жеңишин даңазалаган сыйлыктарга толгон.

«Биздин үй-бүлөнү айылдаштар тогуз коргоолчулардын үй-бүлөсү,чемпиондордун үй-бүлөсү деп сыймыктануу менен айтышат. Мен шахмат ойнойм. Бирок, тогуз коргоол шахматтан татаалбы, айтор үйрөнө албай койдум. Шахматта баары тактада ачык-айкын көрүнүп турат, тогуз коргоолдо болсо оюн башталгандан баштап аягына чейин жаңылбай эсептеп туруу керек экен», - деди Сагынбектин 66 жаштагы атасы Омор Түлөбердиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×