Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 19.08.2016 11:53

Айыл турмушу: М.Ракматов трактору менен чөп чаап, күнүнө 20 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Түп районунун 35 жаштагы тургуну Мирлан Ракматов Кайнарда трактору менен тоют чөптөрдү чабуу менен алек. Аймактык кабарчы тракторчу менен иш үстүндө жолугушту.

Анын айтымында, азыр Каркыра, Чар-Кудук, Дөңгөлөк-Саз жана Чымынды-Сай жайлоолорунда чөп чабыла баштады.

«5 жылдан бери трактор менен элдин чөбүн чаап берем. Күн ачык болсо 20 гектарга жакын аянттагы чөптү чабам. 20 гектар чөп чапсам 20 миң сом табам. Тракторду 7 жылдык мөөнөткө насыяга алгам. Чөп чаап 1 ай иштейм. Калган убакта үй-бүлөм менен мал багам. Азыр мен бул жакта чөп чаап жүрөм. Аялым жана 3 балам жайлоодо мал багып жатышат», - деди Ракматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×