Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 19.08.2016 09:11

Түп районундагы 35 мектептин мугалимдери усулдук кеңешмеге чогулушту (фото)

Turmush -  Түп районундагы 35 мектептин мугалимдери катышкан август усулдук кеңешмеси өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Адылбек Такаев 2015-2016-окуу жылында аткарылган иштер, ийгиликтер жана кемчиликтер, ийгиликтүү иштерди мындан ары жакшыртуу менен кемчиликтерди жоюунун жолдору тууралуу слайддын коштоосу менен атып берди.

Көп жылдык тажрыйбасы бар А.Коёнкөзов атындагы орто мектептин директору Калык Албанов, «Мыкты айылдык мектеп-2016» облустук кароо-сынакта биринчи орунду ээлеп, республикалык кароо-сынакка жолдомо алган Өмүр Баатыр атындагы орто мектептин директору Карыпбек Осмонов, бала бакчалар арасындагы облустук кароо-сынакта экинчи орунду ээлеген Сымбат Осмонбаева дагы сөз сүйлөп, өз ойлорун ортого салышты.

Акырында тиешелүү чечим кабыл алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×