Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 18.08.2016 10:35

Түп районунун акими кызматына 3 талапкер чыкты

Turmush -  Бүгүн, 18-августта Түп районунун акимин шайлоо башталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы — акимдин кызматына 3 талапкер сунушталууда.

Алар:

- Советбек Исмаилов - Түй айыл аймагынын башчысы;

- Батабек Исмаилов - Түп райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы;

- Эркинбек Кененбаев - өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн туризм жана инвестиция тартуу секторунун башчысы.

Акимди шайлоочу кошмо жыйынга Түп районундагы жергиликтүү кеңештин 163 депутаты катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×