Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.08.2016 17:36

Түптүн Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө дан эгиндерин жыйноо аяктоодо

Turmush -  Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндө 1150 гектар жерге күздүк эгин себилип, анын 1005 гектары чабылып, ар гектарынан 30-35 центнерден түшүп алынууда.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Табалдиевдин айтымында, 2037 гектар жерге себилген арпанын 1600 гектары чабылып, ар гектарынан 27 центнерден түшүм алынууда. Алдыда 713 гектар жаздык буудайды жыйнап алуу турат.

«Сырттан келген комбайндарды кошкондо талаада 22 комбайн иштеп жатат. Дагы эле дыйкандардын эмгеги бааланбай келет. Бүгүнкү күндө арпанын килограммы 4 сом, буудайдыкы 8 сом болуп жатат. Күйүүчү майдын литрин 31,30-32 сомдон сатып алып куюп жатабыз. Жазында үрөнгө арпанын килограммын 18-20 сомдон, буудайдыкын 23-25 сомдон сатып алып сепкенбиз», - дейт А.Табалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×