Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.08.2016 17:12

Көчмөндөр оюндарында Түп районунун атынан 15 хан боз үй тигилет (фото)

Turmush -  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Түп районунун атынан 15 боз үй тигилет. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, акимдин орун басары Умсунай Сыдыкбаева райондогу айылдык китепканачылар менен маданият үйлөрүнүн башчыларын, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Турдугүл Жаныманованы акимияттын кичи залына чогултту.

Анда жакындап калган || Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата көрүп жаткан даярдыктын жүрүшү тууралуу талкуу болду. Райондогу 13 айыл өкмөттөр бирден, акимиат 2 хан боз үй, бардыгы болуп 15 боз үй тигилип, алардын ички жасалгалоосуна жардам берүү милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×