Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.08.2016 10:35

Айыл турмушу: Эгиз неберелерин баккан түптүк А.Илебаеванын 4 баласы тең борбордо сүрөтчү болуп иштейт (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылынын 60 жаштагы тургуну Айым Илебаева жолдошунан эрте ажыраса дагы 5 эркек, 1 кызга татыктуу тарбия берип, учурда неберелерин багып жатат.

Учурда анын 8 небереси бар. Жакында келини Гүлиза Баэл, Нурэл деген эгиз уулдарды төрөдү.

Жаш кезинен кара жумушка бышкан А.Илебаева келини менен айылда калып, уулдарын иштеп келүүгө жөнөткөн. Анын 4 уулу — Акылбек, Эдил, Элеман жана эгиздердин атасы Асылбек Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында фотограф болуп иштешет.

Нарында өсүп, Көлгө келин болуп келген Гүлиза 3 баланын апасы болду.

«Кудай буюрса эми экиден эгиз төрөсөм баатыр эне болуп калам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×