Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.08.2016 09:57

Айыл турмушу: 70 жыл бирге жашаган түптүк ажылардын үй-бүлөсү (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылынын тургундары 90 жаштагы Акен ажы Батырканов менен 86 жаштагы Гүлбара ажы Кендирбаева 70 жылдан бери бирге жашап, 3 бала, 9 небере, 4 чөбөрөлүү болушту.

Алар райондо эң узак бирге жашаган үй-бүлөлөрдүн бири. Акен ажы 50 жыл математика-физика мугалими болуп иштеген.

16 жашында баш кошкон жары Гүлбара ажы Акен ата Алайга мугалим болуп иштеп кеткенде ал жактын салтына ылайык үйдө отургандыктан, өмүр бою үй кожойкеси болду.

Калк кадырманы болгон бул үй-бүлө «Кырк кыз» коомдук бирикмеси уюштурган «Үй-бүлөнү даңазалоо» кербенинде сыйга татып, баталарын берип жатып, басып өткөн өрнөктүү өмүрлөрүнө токтоло кетишти.

Азыр 4 балалуу, 2 неберелүү болгон улуу баласы Замирдин балдары, небереси менен небере келининин колунда турушат. Замир Түп айылындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу башкармалыгын жетектеп турса, кийинки балдары Ишенбек КРнын Куралдуу күчтөрүндө иштеп, полковник наамы менен эс алууга чыккан.

Үчүнчү уулу Мурадыл аскер учкучу болуп кызмат өтөп, ал дагы полковник наамы менен ардактуу эс алууга чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×