Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 13.08.2016 14:03

Түптүн Кудургу айыл аймагы дотациядан чыгууга аракет кылууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Кудургу айыл аймагында 4 объект курулууда. Бул тууралуу аталган айыл аймактын башчысы Руслан Сарымсаков билдирди.

Анын айтымында, Ой-Тал айылында ФАП ишке берилсе, Ой-Булак айылында спорт ордо курулууда. Ал эми Кичи-Өрүктү айылында маданият үйү 2016-жылдын май айынан баштап курулууда. Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан имарат 2018-жылы ишке берилет.

«Айыл аймактагы 4 объекттин курулушу өз учурунда жүрүп, тургундардын бул багыттагы муктаждыгы чечилүүдө. Эми өндүрүш тармагына басым жасап, балык чарбасын ачууну пландоодобуз», - дейт ал.

Р.Сарымсаков айыл аймакты дотациядан чыгаруу үчүн аракеттер күч экендигин белгиледи.

«Балык чарбасын өнүктүрүүгө айыл аймак ыңгайлуу болгондуктан балык өстүрүү үчүн бизнес пландар түзүлгөн. Учурда демөөрчүлөрдү таап, ишке ашыруу максаты турат. Үстүбөздөгү жылдын ноябрь айында балык чарбасын ачып, сига балыгын өстүрүүнү пландоодобуз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×