Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 12.08.2016 14:15

Айыл турмушу: Түптөгү 7 үй-бүлөдөн турган «Асема» тобу киреше табуунун жаңы ыкмасын колдонууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылындагы «Асема» көркөм чыгармачылык тобу эми кыздардын себин даярдоо менен алектенүүдө.

Аталган топтун жетекчиси Гүлжан Кудайбердиеванын айтымында, 7 үй-бүлөдөн (7 аял, 7 эркек) куралган «Асема» өздүк көркөм чыгармачылык тобу 1983-жылдан бери даталуу күндөрдө ыр-күү аткарып, жердештеринин көңүлүн көтөрүү менен таанылган.

1987-жылдан бери ал өнөрлөрүнө кол өнөрчүлүктү кошуп, шырдак, ала кийиз, баш кийим жана башка буюмдарды жасап, айрыкча чий чырмоого көңүл буруп жатышат. 

«Биз өз алдыбызча каражат топтоп, эми кыздын себине керектүү жууркан-төшөктөрдүн түрүн тигип баштадык. Элден түшкөн буюртмаларды өз убагында аткарып жатабыз», - деди Г.Кудайбердиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×