Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 12.08.2016 12:59

Түп—Кеген унаа жолун толук бүтүрүүгө 25 миң доллар бөлүнүшү мүмкүн

Turmush -  Түп—Кеген унаа жолун 3-даражадагы жол кылып толук кандуу бүтүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев облустук коллегияда билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жолдун айрым бөлүгү жасалып бүткөн. Эми толук бүтүрүү пландалууда.

«17-августта бул маселени кароого сунуштайбыз. Унаа жолду толук кандуу бүтүрсөк чоң жетишкендик болот. Болжол менен жолдун курулушун улантууга 25 миң доллар бөлүнө турганы айтылууда», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×