Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 11.08.2016 18:17

Түптүк дыйкандар кайрак жердеги дан эгиндеринен мол түшүм алууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн дыйкан-фермерлери 2000 гектар жерге күздүк буудай, 1800 гектар жерге арпа дан эгиндерин себишкен. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Адыл Алиев билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы жерлер негизинен кайрак жер болуп эсептелет, бирок быйыл аба ырайынын жаан-чачындуу болушу дан эгиндеринин өсүшүнө ыңмайлуу шарт түзүп берип, дыйкандар ар гектарынан 25-30 центнерден түшүм алууда.

«Талааларда 20 комбайн иштеп, оруп, жыйноо иштеринин 40%ы бүтүп калды», - деди Адыл Алиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×