Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 11.08.2016 15:45

Айыл турмушу: Түптүк Ч.Асанова чакан цехте тигилген көйнөктөрүн Москвага жөнөтөт (фото)

Turmush -  Түп районунун Кудургу айылынын тургуну Чолпон Асанова кайын атасы сатып берген тигүүчү машина менен ишкерчиликти баштады.

Ч.Асанова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал кесиби боюнча эсепчи. Учурда уулунун атынан «Адис» деп атаган тигүү цехин иштетип жатат. Анда иш менен камсыз болгон 5 тигүүчү апта сайын айлык маяналарын алышат. Тигүү цехинде күн сайын 100гө жакын көйнөк тигилип, 3 күндө бир Москвага жөнөтүлөт.

Чолпон жолдошу Ардинат Буланбаев менен 1989-жылдан бери бирге түтүн булатып, 4 баланы тарбиялашкан.

«Кайын атам — согуштун ардагери Муканбет Буланбаев мага батасын берип, тигүүчү машина сатып берген. Үй шартында кийим тигүүнү үйрөндүм. Учурда чакан цех ачып, кайын атамдын ишеничин актоого аракет кылып жатам. Келечекте тигүүчү машиналардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз», - дейт Ч.Асанова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×