Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 11.08.2016 09:28

Түптөгү Кең-Суу айылынын эли таза суу менен камсыздалат (фото)

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылында 2,5 чакырымга суу түтүктөрү орнотулуп, сентябрь айынын аягында таза суу берилет. Бул тууралуу Кең-Суу айылдык ден соолук комитетинин төрагасы Кубанычбек Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, жыл башында Щвейцария өкмөтү ден соолук көйгөйлөрү боюнча маселелерди чечүү үчүн чакан гранттардын сынагын жарыялаган.

«Бул сынактан биз 680 миң сом утуп алдык. Айыл өкмөт 68 миң сом өздүк салымын кошуп, элден 100 миң сом чогулуп, 2,5 чакырым суу түтүктөрүн бир көчөгө орноттук. Швейцариянын элчилиги биринчи турда уткан айыл өкмөттөргө 2-турга 500 миң сомдон чакан гранттарды сунуш кылууда. Ага дагы долбоор жазып жатабыз», - деди К.Шаршембиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×