Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 09.08.2016 11:37

Түптүн Долон айылында 47 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Долон айылында 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мамытов билдирди.

Анын айтымында, курулуш Жерүй аркылуу каржыланып, 47 миллион сомдон ашык каражатка «Тунук курулуш» фирмасы куруп жатат.

«Бүгүнкү күнгө карата мектептин эки кабатынын кышы салынып, плита төшөлө баштады. Буюрса имараттын курулушу күздө бүткөрүлөт», - деди Б.Мамытов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×