Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 08.08.2016 13:24

Түптө «жапайы» эс алуучуларды тартипке салуу үчүн муниципалдык пляж ачылды (фото)

Turmush -  Түптө Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо, эс алуучулардын коопсуздугуна кам көрүү максатында «Маяк» муниципалдык пляжы ачылган. Бул тууралуу Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Адыл Алиев билдирди.

Анын айтымында, пляж «жапайы» эс алуучуларды тартипке салуу жана кошумча киреше табуу максатын көздөйт.

«Эс алуучулардын коопсуздугу үчүн колдо болгон шарттарды түзүп бердик. Ар бир унаага 50 сомдон акы алып, унаа токтотуучу жай жасадык. Тамак ичип, эс алуу үчүн боз үй тигип бердик. Акысы убакытка жараша 500 сомдон жогору, эгер түнөп калса 1000 сомго чейин төлөйт. Медициналык жардам көрсөтүү жана тартипти сактоо боюнча көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Сууга чөккөндөрдү сактоо боюнча эки адам атайын даярдыктан өткөн», - деди А.Алиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×