Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеТүп району, Бишкек 22.01.2015 09:05

Түп районунун 45 жаштагы тургунунан мыйзамсыз сактап жүргөн ири өлчөмдөгү баңги заты алынды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз сакталып турган 1 кг ашуун баңги заты алынды. Түп РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда Кудургу айылынын тургуну ири өлчөмдө баңги затын сактай тургандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

Ишти иликтөө максатында милиция кызматкерлери Бакыт аттуу жаран менен иш жүргүзүүнү баштаган. Жыйынтыгында, кечээ, 21-январда 1 кг 150 гр салмактагы марихуаны заты менен Кудургу айылынын 45 жаштагы тургуну С. Бакыт кармалды, деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы.

Кармалган жаран Түп РИИБге камакка алынды.

Милиция кызматкерлери тарабынан облустун аймагында 2014-жылы баңги затына байланышкан 271 факты аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 294 кг 258 гр салмактагы баңги заты алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×