Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 20.01.2015 11:24

Ысык-Көл облусунда мал уурдаган топ кармалды

Turmush -  Түп РИИБнин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, райондун аймагында мал уурулук кылып жүргөн кылмышкерлердин тобу кармалды, деп билдирет Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы.

Кызматкерлердин маалыматына ылайык, алгач шектүү катары Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын 58 жаштагы тургуну Бейшенбек У. айтылган. Бул адамдын келиши менен Түп районунда мал уурдалып, анын ичинен жылкылар көп жоголуп баштаган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ыкчам-иликтөө кызматкерлери Бейшенбек У.га карата анын мал уурдаган тобун кармашкан.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, Бейшенбек У. жанына өзүнө окшогон мурда соттолгон адамдарды чогултуп, мал уурдап жүрүшкөн. Алар Түп айылынын 56 жаштагы тургуну Турат И. жана Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 59 жаштагы тургуну Кеңеш М. болгон. Бул кылмыштуу топ мал уурдоо боюнча 5 фактыны моюндарына алышып, уурдалган малдарды Бишкек шаарына алып барганын айтышкан. Бирок, кызматкерлер мындан да көп болушу мүмкүн, деп божомолдошууда.

Кармалган топко жана анын башчысына, аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165-беренесине (мал уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×