Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 19.01.2015 16:27

Түп районунун Каркыра айылында уюлдук байланыш кызматы иштебейт

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Каркыра айылында уюлдук байланыш жок.

Аталган аймакта «Мегаком», «Билайн» же «О» ѳӊдүү уюлдук байланыштардын базалары коюлган эмес. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Тургундардын айтымында, кыргыз-казак чек арасы жакын болгондуктан элеттиктер мурда казакстандык уюлдук байланыштардын кызматын колдонуп келишкен. Учурда казакстандык уюлдук байланыш кызматы да иштебей калды.

Район акими Ишен Кожалиев бул маселе быйылкы жылы колго алына тургандыгын белгиледи.

«Байланыш тармагы боюнча 2 жыл мурун сүйлөшкѳнбүз. «Билайн» компаниясы 2013-жылы байланыш кызматы үчүн 3 зым тарттырып бере турагандыгын айткан. 2014-жылы каражат тартыш болуп жаткандыгын билдиришти. Компания бул ишти ушул жылы аягына чыгарууну пландап жатат», - деди И.Кожалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×