Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.01.2015 17:22

Түп районундагы заводдун жетекчилиги майып жарандарга белек катары азык-түлүктөрүн тапшырды

Turmush -  Түп районунда жайгашкан «Сүт Булак» сыр бышыруучу заводунун жетекчилиги райондогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жаӊы жылдык белек тартуулашты.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, заводдун жетекчилиги райондун аймагындагы 1-2-топтогу майып болуп эсептелген 16 жаранга сыр жана май берүүнү чечишкен.

Мындай азык-түлүктөр Корумду,Чоӊ-Таш, Кичи-Өрүктү, Түп, Михайловка айылдарынын тргундарына берилди. «Биз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өз ишканабыздын азык-түлүктөрүн белек кылганыбызда алар алкыштарын айтып жатышты. Мындай кайрымдуулук жардамдар дагы улантылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×