Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 09.01.2015 14:02

Түп районунун Токтоян айылына жогорку ылдамдыктагы интернетти алып келүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат, - айыл башчы А.Албанов

Turmush -  Түп районунун Токтоян айылында интернеттин антеннасы жок болгондуктан, анын ылдамдыгы абдан жай. Мындай пикирин аталган айылдагы А.Коенкөзов атындагы №18 орто мектебинин информатика мугалими Назира Орозобекова билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

«Интернеттин сапаты бизди канааттандырбайт. Маалымат издөө үчүн көп убакыт сарпталат», — дейт айылдык мугалим.

Айыл башчы жакында айылга жогорку ылдамдыктагы интернетти алып келүү үчүн иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди. «Биз интернет маселесин көтөрүп, жатабыз. Буюрса, кийинки жылы интернет боюнча долбоор жазып, колдоочу уюмдар табылса, алар менен иштешебиз», -деди айыл башчы Атабек Албанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×