Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
БаракелдеТүп району, Бишкек 25.12.2014 17:41

Түптөгү Каркыра айылына бороонду күндөрдө жол жабылып, унаа каттабай калат, уюлдук байланыш жок

Turmush -  Түп районундагы Каркыра айылына бороонду күндөрдө жол жабылып, унаа каттабай калат. Бул тууралуу Каркыра айылынын тургундары маалымдашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, Түп районундагы Каркыра айылы райондук борбордон 25 чакырым алыс жайгашкан. Кар калың жааган күндөрү жол жабылып унаа каттабай калат. Жергиликтүү тургундар эч жакка байланыша албай калышат. Райондогу №4 ДЭУнун жолчулары дайыма жардамга келүүгө даяр, техникалары да жетиштүү. Бирок борон болгон күндөрү алар тазалаган жолду борон жарым саатка жеткизбей билгизбей салат.

Айылда 1 4-класска чейинки мектеп, 1 ФАП иштейт. Дарыгерлердин жоктугунан 2 мээрман айым ооруларды көрөт. Чоң класстагы окуучулар районго жакын жайгашкан мектептерде окушат.

«Кыш чилдеде абалыбыз оордоп калат. Кокус бирөөнү ооруканага жеткириш керек болот. Жол ачылбай калат. Жакында эле 4 күн борон болду. Эч жакка чыга албай, каттай албай калдык. Балдарыбыз башка айылдагы мектепте окушат, аларга тамак-аш жеткире албай калабыз. Антеннанын коюлбагандыктан уюлдук байланыш жок. Аны 2015-жылы коюп беришмек болду. Мамлекет бизди карап, көңүл бөлбөсө абалыбыз кыйын болуп турат», - дейт айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×