Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.12.2014 15:58

Түп райондук ооруканасындагы СПИДке каршы күрөшүү бөлүмүнүн лабораториясында дарыгердик купуялык сакталбайт, - тургун

Turmush -  Түп райондук ооруканасындагы СПИДке каршы күрөшүү бөлүмүнүн лабораториясында дарыгердик купуялык сакталбайт. Бул тууралуу Түп районунун тургуну А.Садыкова билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын айтымында, Түп райондук ооруканасында лабораториянын мээрман айымынын айынан анын аброюна шек келтирилген.

«Райондук оорукананын СПИДке каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы лаборанты Минура Медетова менин жарандык ар намысыма шек келтирди. Лабораторияга кан тапшыргам. Бирок мээрман айым анализ чыгарбай жүрүп алды. Бул мээрман айымга ишенбей Бишкектен анализ тапшырып келдим. Анализ таза чыкты. Мен райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Бермет Асанбековага облусттук ФОМСко арыз менен кайрылгам. Алар болсо мээрман айымга сөгүш жарыялап, башка бөлүмгө которуп коюшту. Ал аз келгенсип, оорукананын башкы дарыгери Бермет Асанбекова медайым Минура Медетованы башка бөлүмгө которгону туура эмес , кайра ордуна келүүгө жардам бергиле деп айылдык депутаттар Иманбеков Бактияр менен Орозобекова Анаркүлгө кайрылган. Ушундай териштирүүлөрдөн улам менин лабораторияга берген анализим туура чыкпай калганы тууралуу далай жерге айтылды. Дарыгердик купуя сырды сактабаган мээрман айымды медицина тармагында иштетип койгону туура болобу. Ушул окуя тууралуу саламаттык сактоо министрлигине арыз жибергем. Жеринде териштирилсин деген жооп келген. Мен оорукананын чечимине нааразымын. Ошондуктан аягына чейин териштирүү үчүн райондук прокуратурага арыз бердим», - дейт А.Садыкова.

«Менин жеке жарандык намысыма шек келтирген Минура Медетова дарыгер болуп иштөөгө акысы жок эсептейм», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×