Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 24.12.2014 17:32

Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишеним телефону иштей баштады

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу Түп мамлекеттик райондук администрациясынын уюштуруу иштери жана ЖӨБ бөлүмүнүн башкы адиси Данияр Сатаров маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишеним телефонунун номери мекемелердин, айыл аймактарынын маалымат такталарына илинген. Ишеним телефонунун номери 03945 2-43- 75.

«Ошондой эле, райондук бийлик тарабынан райондун калкына коррупциялык схемалар жана көрүнүштөр боюнча арыз даттанууларын билдирүү үчүн шарт түзүп берүү максатында мекемелердеги такталарга анонимдүү кутучаларды илүү иштерин жүргүзүү тапшырылды», –дейт Д.Сатаров

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×