Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 23.12.2014 09:51

Түп районунун Токтоян айылында спорт залдын жоктугунан мектеп окуучулары кышында дене тарбия сабактарын эшикте өтүшөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында мектеп окуучулары кышында дене тарбия сабактарын эшикте өтүшөт. Бул тууралуу Токтоян айылынан Гүлжан Нуркасым кызы, Алишер Кудайбергенов билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алардын айтымдарында, Түп районунун Токтоян айылында бир гана мектеп бар. Бирок, ал мектепте спорт залы жок. Спорт залдын жоктугунан дене тарбия сабагын сыртка же класска өтүүгө дуушар болушат.

Дене тарбия мугалими спорт залдын жоктугу көптөгөн көйгөйлөрдү жаратаарын айткан «Программа боюнча 20 саат шахмат жана тогуз коргоол оюнун ойногонго бөлүнгөн. Аны кышында өткөрүүгө тура келет, - дейт мугалим.

Айыл башчы Атабек Албанов спорт залдын жоктугунун бирден-бир себеби айыл тургундарынын анын ичинен окуучулардын саны аз экендигин айтты.

«Айылда 2000 ден ашык адам бар. Мектеп окуучуларынын саны 351. Ошого байланыштуу спорт зал куруу иши карала элек», -деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×