Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.12.2014 18:01

Айыл турмушу: Түп районунун Тасма айылынын тургуну С.Алакенов 20 жылдан бери кайыштан ат жабдыктарын жасап келет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын тургуну Сабырбек Алакенов 20 жылдан бери устачылык өнөр менен алектенип келет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

С.Алакенов ат жабдыктарын жүгөн, үзөнгү, ээр,тердик, баасмайыл жана башкаларды жасайт.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, Тасма айылынын тургуну Алакенов Сабырбек 20 жылдан бери ат жабдык атка керектүү камчы, тердик, атка керектүү нерселерди жасап келет.

Анын жабдыктарын жайлоого чыккан малчылар, мал баккандар, айыл тургундары алышат.

Буларды көбүнчө ал кайыштан жасайт анан жез камчылар табылгадан ар түрдүү нерселерден өрүп, тигип жасайт.

«Сабырбектин колунан баары келет, айылдагылардын баардыгы жасаган буюмдарын колдонуп жүрөт, сырттан келгендер да алып кетишет», -дешет айыл тургундары.

91

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×